Бишкекте мыйзамсыз курулган унаа жуучу жай бузулууда

Бишкекте мыйзамсыз курулган унаа жуучу жай алынууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Токомбаев көчөсүнүн №1 үйдүн боюнда жайгашкан, жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн, жеңил конструкциядан курулган унаа жуучу жайды демонтаждоодо.

"Жеринде башкармалыктын кызматкерлери "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин башкармалык тарабынан мыйзамсыз унаа жуучу жайдын курулушу аныкталып, мыйзамдын негизинде мыйзамсыз курулуштардан бошотуу жөнүндө билдирүү берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан