«Керемет Банктан» сыйкырлуу тур!

Кээде ойго келбеген кереметтүү нерселер болуп кетет. Мисалы, бейиштин бакчасындай болгон алыскы, ажайып өлкөлөрдүн биринде эс алуу, башкача айтканда деги эле ишке ашпай турган нерсе катары сезилген кыялдар. «Керемет Банк» ААК мына ошондой кыялдардын бирин жүзөгө ашыргандыгын кубануу менен белгилейбиз.

Кардарларыбыздын бири Кубанычбек Айтакунов «Керемет Банктан» Дубайга (БАЭ) саякаттап келүү боюнча сертификатка ээ болду. Тагыраак айтканда, сертификат ага биздин банктын «Элкарт» төлөм картасын активдүү колдонгондугу үчүн сыйлык катары ыйгарылды десек болот. «Кереметтүү эс ал – белектерди утуп ал» акциясынын эң активдүү катышуучусуна башкы сыйлыкты тапшыруу аземи 2023-жылдын 4-октябрында болуп өттү.

– «Керемет Банктын» мындай акцияны өткөрүп жатканы албетте кубанычтуу, бул сиздердин банк аркылуу накталай эмес формада төлөм жүргүзүүнү каалагандардын санын арттырат деп ойлойм. Мен алты жылдан бери сиздердин кардармын жана ар дайым товарларга карта аркылуу төлөм жүргүзөм. Чынын айтсам, бул сыйлык мен үчүн күтүүсүз болду. Албетте, мен абдан кубанычтамын жана «Керемет Банкка» терең ыраазычылык билдирем!» - дейт Кубанычбек Айтакунов.

Банк башкармалыгынын төрагасынын орун басарынын м.а. Руслан Султанов өз кезегинде К. Айткакуновду куттуктап, иштерине ийгилик каалады жана банк менен жүргүзүп келе жаткан тыгыз кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кереметтүү эс ал – белектерди утуп ал» акциясы 2023-жылдын 1-февралынан тартып 31-июлуна чейин «Элкарт» картасынын ээлеринин - «Керемет Банк» кардарларынын арасында өткөрүлгөн жана ага «Элкарт» төлөм картасынын ээлери, Кыргызстандын резиденттери катышкан. Акциянын жүрүшүндө карталык эсептен жана ошондой эле мобилдүү банкингден мүмкүн болушунча көбүрөөк төлөм жана акча которууларды жүзөгө ашыруу керек болгон. Жеке эсептик жана депозиттик эсептерди толуктоо эсепке алынган жок.

Эң көп суммадагы транзакцияларды аткарган катышуучу негизги белекти – туристтер арасында популярдуу өлкөлөрдүн бирине эки кишилик саякат жолдомосун талап кылуу укугун алган. Жыйынтыгында мындай адам Кубанычбек Айтакунов болуп чыкты. Жыйынтыктап айтканда, акциянын жүрүшүндө ал буга чейин электрсамокат алгандыгын жана К. Айткакуновдон башка кардарлар дагы кондиционер, аба тазалагыч, чаң соргуч, суу үчүн чыпка, велосипед өңдүү сыйлыктарга ээ болгондугун белгилей кетүү абзел.

Кыскартып айтканда Сиздин дагы кыялыңыз ишке ашып калуусу мүмкүн, ал үчүн болгону «Керемет Банк» менен ар дайым бирге болуңуз!

https://keremetbank.kg/

КРУБдун № 049 лицензиясы

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан