Бишкекте 13-14-декабрда "Супер-Инфо" гезитинин салтка айланган жылдын суперлерин аныктоочу концерти болуп өттү. Концерттин экинчи күнүндө бул жылы өзгөчө эмгектенген ырчыларга, спортчуларга, актриса, актёрлорго, алып баруучуларга сыйлыктар тапшырылды.
Жыйынтыгында быйыл өзгөчө эмгектенип, мыкты ырларды жараткандыгы үчүн Нурлан Насип “Жылдын супер ырчы мырзасы” наамына ээ болду. Жеңүүчүгө диплом жана статуэтканы SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова тапшырды.
Эске сала кетсек, “Жылдын супер ырчы мырзасы” наамына Нурлан Насип, Гүлжигит Сатыбеков, Дайыр Исмадияров ат салышкан.