Оштун ар бир районунда арзан көмүр саткан атайын базалар ачылат

Ош облусунда күз-кыш мезгилинде көмүрдүн баасын туруктуу кармоо жана калкты камсыздоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу кечээ, 4-октябрда президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, жыйындын жүрүшүндө негизинен райондун базаларына көмүрдү ортомчулардын катышуусуз жеткирүү жана көмүрдүн баасын 5 сомдон ашырбоо маселеси каралды. Бул көйгөйдү чечүү үчүн ар бир райондо арзандатылган көмүрдү сатуу үчүн атайын базаларды ачуу чечими кабыл алынды.

Бул базалар түздөн-түз көмүр казуучулар тарабынан камсыз кылынат жана бул ортомчулар тарабынан негизсиз кымбаттоолорго жол бербейт.

Жыйын бардык катышуучуларга тиешелүү тапшырмаларды берүү менен аяктап, алдыдагы күз-кыш мезгилинде калкты арзан баада көмүр менен камсыздоо боюнча сунушталган иш-чараларды тез арада ишке ашырууга бардык күч жумшалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан