Кечээ, 4-октябрда Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаев жок кылынды. Аны кармоо учуранда УКМК кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей куралдуу каршылык көрсөткөнүн, натыйжада анын өлтүрүлгөнүн аталган мекемеден билдиришти.
Бул коомчулукта кызуу талкууланып, Камчы Көлбаевдин ким экени, кандай окуяларга тиешеси бар жана буга чейин эмне иш кылганы тууралуу кызыгууларды жаратты. Төмөндө Камчы Көлбаев тууралуу маалыматтарды сунуштайбыз.
Камчыбек Асанбек же Көлбаев 1974-жылы 3-августта Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында туулган. Атасы Асанбек Көлбаев өлкөнүн эмгек сиңирген машыктыруучусу болгон. Ал 34 жыл Ысык-Көл облустук спорт комитетин жетектеген.
Интернеттеги маалымат булактарына караганда, ал 2000-жылы адам өмүрүнө кол салууга айыпталып, 25 жылга эркинен ажыратылган. Бирок 6 жылдан кийин Көлбаев абактан качып кеткен, ага издөө жарыяланган.
"Мыйзамдагы ууру" макамын Көлбаев 2006-жылы Москвада алган. Бул окуяны ошол учурдагы ички иштер министри Мурат Суталинов тастыктап, Көлбаевдин бул "наамы" өлкөдөгү кылмыштуулуктун азайышына себеп болорун билдирген.
"Бул кыргыздардан жалпысынан "мыйзамдагы ууру" болгон биринчи адам. Эми Кыргызстандын кылмыш дүйнөсүндө мыйзам бузуучулар азайып, кандайдыр бир деңгээлде турукташуу болот деп ойлойм. Камчы Көлбаев эски уурулардын концепциясын карманса керек, “өлтүрбө, алсызды тонобо, адам канын төкпө” деген адилеттиктин айрым элементтери бар. Демек, өлкөдөгү шылуундар менен мыйзам бузуучуларга чекит коюлат",- деп билдирген Суталинов.
Ал эми 2018-жылы Ички иштер министрлиги Көлбаевдин кылмыштуу тобунда 424 адам бар экенин маалымдаган.
Апрель революциясынан кийин Камчы Асанбек БАЭге качып кеткен. 2011-жылдын 21-июлунда "мыйзамдагы ууру" Абу-Дабиде кармалган, анын жанынан жалган документтер жана уурдалган делген зер буюмдары табылган. Анын Интерпол аркылуу кармалганын ошол учурдагы жактоочусу Икрамидин Айткулов да тастыктаган. Бирок ал учурда Кыргызстан менен БАЭ ортосунда экстрадициялоо боюнча келишим түзүлбөгөндүктөн, ошол эле жылдын 6-сентябрында Абу-Дабидеги укук коргоо органдары Көлбаевге зергер дүкөнүн тоноо боюнча тагылган айыпты алып салышып, аны камактан бошотушкан.
Ал эми 2018-жылы Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү борборунун журналисттери (ОССRP) Камчы Асанбектин Дубайдагы Dubai Marina районунда баасы 400-700 миң долларга бааланган кыймылсыз мүлкү бар экенин аныкташкан.
Дегени менен 2012-жылы октябрь айында Көлбаев Кыргызстанга экстрадицияланып, Ички иштер министрлиги ага сегиз берене боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага карабастан Көлбаев акча талап кылуу боюнча гана күнөөлүү деп табылган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту "мыйзамдагы ууруну" күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагына 5,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок апелляциялык арыздын жардамы менен өкүм 3 жылга алмаштырылган. Натыйжада Көлбаев 2014-жылы июнь айында бошотулган.
2011-жылы АКШ кыргызстандык "ууруну" ири наркобарондордун санкциялык тизмесине киргизген. Мамдепартамент Көлбаевдин кылмыштуу тармагынын каржы механизмдерин ачыктаган маалымат үчүн 1 миллион доллар сыйлык сунуштаган. Вашингтон Көлбаев жана анын шериктери дүйнөлүк баңгизат, курал-жарак жана адам аткезчилигине катышы бар деп эсептей турганын билдирген.
Камчы Көлбаевдин сөөгү бүгүн, 5-октябрда Чолпон-Ата шаарында жерге берилди.