Кечээ, 4-октябрда Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Жер титирөө саат 07:31де катталып, анын күчү очогунда 3,5 баллга чейин жеткен", - деп айтылат билдирүүдө.
Жер титирөө Нарын районунун Ак-Бейит айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.