Соңку суткада өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды

Соңку суткада өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Ош облусунда – 3, Баткен облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 2, Ош шаары – 1, Жалал-Абад облусу 1, Нарын облусунда -1, Талас облусунда – 1 өрт кырсыгы катталган", - деп айтылат билдирүүдө.

Алсак, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында короодо 400 түк жыйылган чөп күйгөн. Ноокат районунда Пакыр айылы, Сатыбалдиев көчөсү №8 дарегинде эки кабаттуу турак үйдүн 336 чарчы метр экинчи кабаты жана чатыры толугу менен күйгөн. Ош шаарынын Г.Жумабай ажы көчөсүндө жолдун боюнда Dewoo Мatiz үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

Өрттүн себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан