Өзбекстандан Кыргызстанга 28 тонна жезди мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюлду

Өзбекстандан Кыргызстанга 28 тонна жезди мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, бажы кызматкерлери ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүнү алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө Ош шаарында Ю.И. аттуу жарандын башкаруусундагы жарым чиркегичи бар жүк ташуучу унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Унаанын жүк салуучу бөлүгүн бажылык текшерүү учурунда жалпы салмагы 28 035 килограммды түзгөн "Ozbekiston" деп маркировкаланып, желим баштыктарга салынган жез сыныктары табылган.

Товарлар Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына аз партия менен алынып келинген. Товар коштоочу документтери жок жүк Жалал-Абад облусунун аймагында жүктөлүп, Ош шаарына бара жаткан.

Кырдаалдар такталганга чейин жүк салынган унаа убактылуу сактоочу кампага жеткирилген. Баалоочу компаниянын маалыматы боюнча 1 килограмм жез сыныгы 545 сом, товардын жалпы баасы 15 миллион 279 миң 75 сомду түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан