Ошто лифт түшүп кетип, 39 жаштагы жаран каза тапты

Кечээ, 4-октябрда Ош шаарында лифт аварияга учурап, бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, калаадагы жаңы салынып бүткөн көп кабаттуу үйдүн лифти төмөн карай түшүп кеткен, ичинде бир адам калып калган. Лифттин ичинен болжол менен 35-40 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө жансыз дене Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургуну 1984-жылы туулган Ж.Р. экендиги аныкталган. Каза болгон жаран үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы экени такталган. Ал жаңы имаратты курган компания менен келишимдин негизинде 2 айдан бери лифт оңдоочу болуп иштеп жүргөн.
Азыркы тапта маркумдун каза болуусунун себептерин тактоо максатында тийиштүү экспертизалар дайындалып, аталган даректин видео байкоо камераларынын эске тутуу блогу алынган. Мекемеден билдиришкендей, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан