Бүгүн, 5-октябрда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Ак-Тилек” жана “Кен-Булуң” өткөрмө бекеттеринде унаалардын топтолуусу байкалууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай “Кең-Булуң” постунун алдында 121, ал эми "Ак-Тилек" постунун алдында 395 унаа кезекте турат.
Унаалардын топтолушу Кыргызстандан башка өлкөлөргө айыл чарба продукциясын экспорттоонун сезондук өсүшү менен байланыштуу экени айтылды. Ошол эле учурда кыргыз тарапта да, казак тарапта да унаалардын өтүшүнө эч кандай чектөөлөр жок, өткөрүү пункттары кадимки режимде иштеп жатат.