Бүгүн, 14-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Супер концерт-2013түн" экинчи күнү өтөт. Учурда филармониянын эшиктери ачылып, эл залга кире баштады.
Бүгүнкү концертте жылдын мыктыларына сыйлыктар тапшырылмакчы. Бул жылдын суперлери кимдер болушат? Аны концерт учурунда билебиз. Андыктан Супер концертти өткөрүп жибербеңиз.
Учурда уюштуруучу топ концерттин катышуучуларын, конокторду жана көрүүчүлөрдү чыдамсыздык менен күтүшүүдө.