"Көпчүлүк аймакта жаан жаайт". Жума күнгө карата аба ырайы

Эртең, 6-октябрда өлкөнүн көчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24 даража,

Талас жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22 градус,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28ге чейин жылыйт.

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,

Нарын дубанынжа түнкүсүн -1…+4, күндүз +17…+22 даража жылуу болот.

Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жуук өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +20…+22 градус болот.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан