Нурмат Садыров: "Ырыбыз элге жакканы биз үчүн маанилүү"

Бишкекте бүгүн, 14-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Супер-Инфо" гезитинин жылдын суперлерин аныктаган концертинин 2-күнү өтүүдө. Жылдын мыктыларын аныктаган концертте жеңүүчүлөргө наамдар боюнча сыйлыктар тапшырылууда. 

Быйыл “Жылдын супер ыры” наамына  "Мен сүйгөн менен пайда жок" аттуу ыры менен Нурмат Садыров. Гүлжигит Сатыбеков - «Мен сенден кетейинчи», Нурлан Насип  - «Менин да сүйүүм ушундай», Омар - «Сүйөм сени, унутпа», Алтынай Нарбаева - «Кат жазчы мага», Данияр Эрматов - «Жүрөгүм» жана Мирлан Баеков «Карындашым» аттуу ыры менен ат салышты. 

Бул сынакта ырчы Нурмат Садыров диплом менен сыйланды. 

“Сынакта жеңүү эмес, катышуу маанилүү. Ырыбыз элге жакканына ыраазымын. "Мен сүйгөн менен пайда жок"  аттуу ырым эл арасында сүйүктүү ыр болгонуна кубанычтамын”,- деди ал

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан