Камчы Көлбаевдин (Камчы Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, “Тайсон” каймана аты бар С.М.Ж. пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды.
"Ал Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун атынан Талас шаарынын кароочусу (смотрящий) болгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында С.М.Ж унаа мектептин мугалими А.Б.Аны ага карата болгон компроматтык маалыматтарды ички иштер органдарынын жана УКМКнын кызматкерлерине берем деп коркутуп, кысым көрсөтүп, 70 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталды", - деп айтылат билдирүүдө.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында опузалап талап кылынган сумманын бир бөлүгүн, 30 миң сом акча каражатын алуу учурунда С.М.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ошол эле учурда өздүк тинтүү учурунда С.М.Ждан жалпы салмагы 20 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат (кара куурай) табылган.
Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.