Азия оюндары: Бекзат Алмаз уулу чейрек финалга чыкты

Кыргызстандык Бекзат Алмаз уулу 57 килограмм салмак категориясында Азия оюндарында эркин күрөш боюнча чейрек финалга чыкты.

Белгилүү болгондой, ал алгачкы таиланддык атаандашын 10:0 эсебинде жеңген.

Кийинки беттеште ал япониялык Тошихиро Хасегава менен кез келет.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан