Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак категориясында алгачкы атаандашын жеңди.
Белгилүү болгондой, спортчу алгачкы беттеште таиланддык спортчу Салини Срисомбат менен кез келип, аны 4:0 эсебинде 14 секунддун ичинде утуп алган.
Кийинки чейрек финалда Тыныбекова япониялык балбан Нонока Одзаки менен күрөшөт. Бул спортчуну Тыныбекова Азия чемпиондугунда жеңип алган болчу.
Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланат.
Учурда Кыргызстандын капчыгында 7 медаль бар. Анын үчөөсү алтын болсо, төртөөсү коло медаль.