Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы Азия оюндарынын жарым финалына өттү.
Спортчу 76 килограмм салмак ченинде эки беттеш өткөрдү. 1/8 финалда спортчу Кытайлык балбан кызды 2:1 эсебинде жеңсе, чейрек финалда Въетнамдык атаандашын утуп, жарым финалга чыкты.
Белгилей кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Мелдешке Кыргызстандан спорттун 23 түрү боюнча 160 спортчу катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланат.
Учурда Кыргызстандын капчыгында 7 медаль бар. Анын үчөөсү алтын болсо, төртөө коло медаль.