Кечээ, 5-октябрда Түркмөнстандагы "Ашхабад" стадионунда кыргызстандык "Абдыш-Ата" клубу түркмөнстандык "Мерва" клубу менен оюн талаасына чыкты. Анда эсеп 1:1 саны менен аяктап, командалар тең чыгышты.
Оюндун 25-мүнөтүндө "Мервалыктар" эсеп санын ачышса, 60-мүнөттө Кайрат Жыргалбек уулу гол киргизип, эсеп теңдеди.
Бул кыргызстандык "Абдыш-Ата" клубунун Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун борбордук зона боюнча тайпалык баскычындагы экинчи оюну. Буга чейин Бишкекте аталган клуб түркмөнстандык "Алтын-Асырды" 3:0 эсебинде утуп алган.
Учурда кыргызстандык клуб 4 упай менен тайпасында алдыда келе жатат. Эми "Абдыш-Ата" клубу 26-октябрда тажикстандык "Равшан" клубу менен оюн өткөрөт.