Ысык-Көлдө жарым килограммга жакын гашиш менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Кабарлангандай, башкармалыктын баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине Түп районунун аймагында "Белый" аттуу каймана аты бар жаран ири өлчөмдөгү баңги заттарын сактап, аны сатууга даярдап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.
Аталган маалымат каттоого алынып, "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Анын алкагында мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүргөн жарандын өздүгүн аныкталган. Ал Түп районунун Тогузбай айылынын 36 жаштагы тургуну Ж.М. болуп чыкты. Ошондой эле, шектүү жакын арада баңгизаттарды белгисиз тарапка ташууну көздөп жатканы белгилүү болду.
Ал Subaru Legacy үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн чыгып баратканда милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган.Тинтүү иштеринин натыйжасында унаанын ичинен ширенкелердин кутучаларына салынган жапайы кендирдин өзгөчө жыты бар заттар табылып алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, алынган зат гашиш баңги затына таандык экени аныкталган. Баңги заттын таза салмагы 425 граммды түзгөн.
Райондук соттун чечими менен шектүү эки айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.