Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында Айсулуу Тыныбекова чейрек финалда Нонока Озакиге жеңилип калды.
Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, беттешин 1/8 финалдан баштаган.
Алгач кыргызстандык балбан кыз Таиланддын өкүлүн 14 секундда жеңсе, чейрек финалда япониялык Озакиге 1:3 эсебинде утулуп калды. Япониялык балбан кыз 1/8 финалда атаандашын 33 секундда жеңген болчу.
Эми Нонока Озаки финалга чыкса, анда Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.