Бишкекте 28 өлкөнүн катышуусунда самбо боюнча Дүйнө биринчилиги башталды

Бүгүн, 6-октябрда Бишкектеги "Газпром балдарга" ден соолукту чыңдоо борборунда самбо боюнча жаштар арасында Дүйнө биринчилиги башталды.

Мелдешке жалпы 26 мамлекеттен 400дөн ашык спортчу катышууда. Алар: Испания, Марокко, Монголия, Азербайжан, Румыния, Мексика, Латвия, Армения, Иордания, Грузия, Боливия, Колумбия, Нидерланды, Молдавия, Италия, Сербия, Өзбекстан, Греция, Түркмөнстан, Казакстан, Болгария, Франция, Египет, Орусия жана Беларустан келген спортчулар.

Килемге жаштар арасында 53, 71, 98 килограммга чейинки салмакта, кыздар арасында 50, 65, +80 килограмм салмакта спортчулар күч сынашууда.

Ошондой эле өспүрүмдөр арасында 58, 79, +98 килограмм салмакта кыздар арасында 59, 80 килограмм даражасында беттештер болуп жатат. Ошондой эле күжүрмөн самбо боюнча 71, 98 килограммга чейинки салмакта беттештер өтүүдө.

Аталган мелдеш 8-октябрга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан