Өлкөдө кызылча жуккан балдардын саны 2400дөн ашты

Өлкөдө кызылча (корь) жуккан балдардын саны 2469га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты чыңдоо республикалык борбору маалымдады. Август айында оору жугуп катталгандардын саны 1700 болчу.

Республикалык борбор 18-сентябрда башталган эмдөө жараяны уланып жатканын эске салды. Эмдөө компаниясы башталгандан бери тогуз айдан жети жашка чейинки 440 343 бала эмдөөдөн өткөн.

Өткөн айда Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга кызамык-кызылча вакцинасынын 755 миң 500 дозасы келгенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан