Бишкекте бүгүн, 14-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Супер-Инфо" гезитинин жылдын суперлерин аныктаган концертинин 2-күнү өтүүдө.
"Супер концерт-2013тө" жеңүүчүлөргө наамдар боюнча сыйлыктар тапшырылууда. “Жылдын супер ыры” наамына "Мен сүйгөн менен пайда жок" аттуу ыры менен Нурмат Садыров, Гүлжигит Сатыбеков - «Мен сенден кетейинчи», Нурлан Насип - «Менин да сүйүүм ушундай», Омар - «Сүйөм сени, унутпа», Алтынай Нарбаева - «Кат жазчы мага», Данияр Эрматов - «Жүрөгүм» жана Мирлан Баеков «Карындашым» аталыштагы ыры менен ат салышып жаткан.
"Жылдын супер ыры" наамынын жеңүүчүсү Гүлжигит Сатыбеков: “Сыйлык алганыма кубанычтамын. Демек ыр элге жаккан. Бардык ыр сүйүүчүлөрүнө ыраазымын. "Супер-Инфо” гезитине ийгилик каалайм,- деди ал.