Бишкекте 34 жаштагы аялдын жарандык никедеги күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылганы аныкталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Аталган мекемеге 1985-жылы туулган Э.У. аттуу күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылганын айтып, жабырлануучу арыз менен кайрылган.
Маалым болгондой, 14-сентябрда жабырлануучуну жарандык никедеги күйөөсү сабап, зордуктаган. Ошондой эле колун үтүк менен басып кыйнаган.
Жабырлануучунун айтымында, окуя учурунда анын кичинекей кызы коңшу бөлмөдө болгон.
"34 жаштагы аял үйдөн кийими жок качып чыгып, жанында жашагандардан жардам сураган. Коңшулары аны жумушуна баруусуна жардам көрсөтүшкөн. Ал жерден тиешелүү жардам көрсөтүлгөндөн кийин ал милицияга кайрылган",- деп айтылат маалыматта.
Жабырлануучунун жактоочусу 15-сентябрда тиешелүү органдын кызматкерлери шектүүнү кармаганын, 16-сентябрда Октябрь райондук соту аны эки айлык мөөнөткө СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаганын билдирген. Ошондой эле жактоочу аялдын бир нече жылдан бери зомбулукка кабылганын жана тиешелүү органдарга кайрылуудан коркуп жүргөнүн айткан. Маалыматка караганда, шектүү American school ЖЧКсынын директору.
Жабырлануучу сот шектүүнү камактан бошотуп жибериши мүмкүн деп кооптонгонун жана кайрадан зомбулукка кабылып калуудан коркуп жатканын билдирген.
Мекемеден билдиргендей, каршы тарап соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга кайрылган. Бүгүн, 6-октябрда Бишкек шаардык соту арызды карайт.
Ал эми Акыйкатчы институту укук коргоо, сот жана прокуратура органдарынан жарандык никедеги күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылган аялга жардам берүүгө чакырган.