Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарында коло байгеге ээ болду

Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова коло байгеге ээ болду. Кыргыз балбаны коло үчүн болгон беттеште казакстандык Ирина Кузнецованы жеңип алды.

Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, беттешин 1/8 финалдан баштаган. Алгач кыргызстандык балбан кыз таиланддык атаандашын 14 секундда жеңсе, чейрек финалда япониялык Озакиге 1:3 эсебинде утулуп калды.

Ал эми Озаки финалга чыккандыктан Тыныбекова көңүл жубатуучу беттеште вьетнамдык балбанды 10:0 эсебинде утуп, коло үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Ошондой эле коло үчүн беттешке Бекзат Алмаз уулу монголиялык балбан менен килем үстүнө чыгат.

Мындан сырткары, финалга чыккан Айпери Медет кызы Казакстандын спортчусу Жамиля Бакбергенова менен кез-келсе, Нурзат Нуртаева алтын үчүн болгон мелдеште Фень Жоу менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uuloskoaa
2023-10-07 15:23:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан