Бишкектеги көчө, аянт, аллея, жаңы конуш, сейил бак жана парктардын атын өзгөртүүгө киргизилген мораторий мөөнөтү дагы он жылга узартылды. Бул тууралуу шаардык кеңеш чечим кабыл алды.
Маалыматка ылайык, депутаттар токтомду талкуусуз кабыл алышты.
Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңеши аталган мораторийди 2013-жылы кабыл алган.
Маалыматты Бишкек мэриясы тастыктады.
Ордо кааланын төрт районунун аталышын өзгөртүү боюнча сунуш көптөн бери айтылып келет. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев дагы демилгени колдогон. Демилгечилердин пикиринде, Бишкектин калктуу конуштары кыргыз элине эмгек сиңирген инсандардын атын алып жүрүшү керек.