Кыргызстандык спортчу Адилет Шадыканов Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында карате боюнча күмүш медаль тагынды.
Шадыканов 84 килограмм салмак категориясында катышып, финалда ирандык Саджад Ганджзадеге 2:4 эсебинде утулуп калды.
Саджад Ганджзаде 31 жашта, ал азыркы Олимпиада чемпиону, Азия оюндарынын учурдагы чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку жана Азиянын төрт жолку чемпиону болуп саналат.
Кыргызстандык спортчу беттешин 1/4 финалдан баштаган. Ал Непалдын өкүлүн, андан соң жарым финалда Сауд Арабиянын спортчусун жеңген.
Буга чейин спорттун ушул түрү боюнча Кымбат Тойтонова менен Назим Нурланов коло байгеге ээ болушкан.
Шадыкановдун байгеси Кыргызстан үчүн бул Азия оюндарында 12-медаль болуп саналат. Учурда өлкөнүн капчыгында 3 алтын, 2 күмүш жана 7 коло бар.