"Тазалык"  ишканасы тажрыйбалуу айдоочуларды жумушка чакырат

"Тазалык" муниципалдык ишканасы тажрыйбалуу айдоочуларды жумушка чакырат. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, резервдик кадрлар үчүн 20-25 айдоочу кабыл алынат. Ал эми алардын айлыгы 25-30 миңден башталат.

Мекемеден билдиришкендей, жумуш боюнча толук маалымат алууну каалагандар Ала-Арчинская 74 дарегине кайрылса болот.

Белгилей кетсек, ишкана 2023-жылдын март айынан баштап айдоочулардын эмгек акысын алардын жумушунун жыйынтыгына жараша төлөй баштаган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан