Кыргызстанды газдаштыруу: "Газпром Кыргызстан" борбор калаадагы  "Ак-Тилек-2" калктуу конушуна газ берди

«Ак-Тилек-2» калктуу конушунун тургундары эми үйлөрүндө экологиялык таза энергия булагы менен колдоно алышат. Бул үчүн компания калктуу конушта 4,3 чакырымга созулган газ бөлүштүрүүчү тармак курган.

Белгилей кетсек, жаңы райондорду газдаштыруу Кыргыз Республикасын газдаштыруунун Башкы схемасынын жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын Инвестициялык программасынын алкагында жүзөгө ашырылат.

Жыргалбек Шамыралиев, Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча мэрдин орун басары: «Башында ушул жылы 3 жаңы конушту гана газдаштыруу пландалган, бирок борбор калаанын мэриясы менен «Газпром Кыргызстан» компаниясынын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарындагы 9 калктуу конушту газдаштыруу чечими кабыл алынган. Мындай кадам ышка (смогго) каршы күрөшүүнүн жана экологиялык абалды жакшыртуунун алкагында жасалды. Газ менен жылытууга өтүү кара түтүн менен күрөшүүдө натыйжалуу оң таасирин тийгизет. Жыл башынан бери борбор калаада 5542 турак үй жаратылыш газына кошулду, эгерде ар биринин ээси орто эсеп менен 4 миң тонна көмүр жакса, алардын жаратылыш газына туташуусунун эсебинен атмосферага зыяндуу заттардын көлөмү канча эсе азайганын элестетип көрсөңүз».

Арзымат Алдаяров, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын экономика жана финансы боюнча башкы директордун орун басары: «Ак-Тилек-2» жаңы конушу – Бишкек жана Чүй облусундагы 2023-жылы газдаштырылып жаткан 12 калктуу конуштун бири. Мындан тышкары, быйыл «Ак-Босого» конушунда долбоорлоо-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Үстүбүздөгү жылга пландалган иштердин баары өз убагында аткарылып, бир айдын ичинде белгиленген турак жайларга көгүлтүр отун беребиз. Бишкек мэриясы менен биргеликте жол картасына кол коюлган, анын алкагында жакынкы үч жылдын ичинде борбор калааны толугу менен газдаштырууну пландап жатабыз».

Жергиликтүү тургундар көмүрдөн жана отундун анчейин экологиялуу эмес түрлөрүнөн баш тартуу абанын булганышын азайтууга жана көө менен чаңдан арылууга өбөлгө түзөрүн түшүнүшүүдө. Абанын булганышынын төмөндөшү жана имараттардын ичинде абанын сапатын жакшыртуу жашоону дагы да ыңгайлуу жана коопсуз кылат. Алардын айтымында, эми тургундар таза аба менен дем алып, абанын булганышына байланышкан зыяндуу таасирлерге өздөрүн кептебейт.

Нуржан Назирбаева, Бишкек ш. «Ак-Тилек-2» жаңы конушунун тургуну: «Акыры газга туташканыбызга абдан кубанычтабыз. Бардык тургундар курулуш жумуштарынын аякташын чыдамсыздык менен күтүштү. Албетте, үйдө жаратылыш газынын болушу жашоо сапатын бир топ жакшыртат. Мурда жылытуу мезгилинде дайыма отун жагып, көмүр менен убара болуу керек болчу. Ал эми газ менен жылытуу – абдан ыңгайлуу, атүгүл температураны өзүбүз ылайыктап алат экенбиз. Мындан тышкары, бүтүн үй-бүлөмө кечки тамакты даярдоо көп убакытты талап кылбай калды. Тез аранын ичинде жашоочуларга газга туташуу мүмкүнчүлүгүн берген «Газпром Кыргызстан» компаниясына чоң рахмат».

«Газпром Кыргызстан» компаниясы республиканы газдаштыруу боюнча өзүнүн ишмердүүлүгүн активдүү түрдө улантууда. Ал ишин жүргүзүп баштагандан бери 1250 чакырымдан ашык газ бөлүштүрүүчү тармак курулган, бул 270 миң адамга жаратылыш газына кошулуу мүмкүнчүлүгүн берди.

2023-жылдын аягына чейин компания газдаштырган калктуу конуштардын саны 53кө жетет.

Компаниянын келечектеги пландарына өлкөнүн газдаштыруу деңгээлин учурдагы 38 пайыздан 2030-жылга карата 60 пайызга чейин көбөйтүүнү камтыйт. Газга бир гана калк эмес, ошондой эле өнөр жай объекттери да өтүп жатат. Алсак, «Газпром Кыргызстан» Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте борбор шаардагы 22 муниципалдык откананы газга өткөрүү боюнча долбоорду ишке ашырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан