
Өлкөдө тоют чөбү өспөй калган жайыттарды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, техника бара албаган жайыттарга тиешелүү адистер жайыт чөбүнүн үрөнүн кол менен чачып себүүдө. Түзүлгөн графикке ылайык мындай иштер күнүнө уланууда.
Белгилей кетсек, кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында буга чейин Орусиядан 99 тонна 500 килограмм жайыт үрөнү сатып алынган. Жайыт чөбүнүн үрөнү – Айыл чарба министрлигинин жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти тарабынан айыл аймактарга, жайыт комитеттерине таратылып берилген.
Нарын облусунун Ат-Башы районунда 126 гектар кунарсыз жайыттарга үрөн себилди.