Кечээ, 6-октябрда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Боорду трансплантациялоонун актуалдуу маселелери" деген темадагы конференцияга катышты. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр өз сөзүндө мындай иш-чаралар ар кайсы мекемелердин жана өлкөлөрдүн адистерине жана илимпоздоруна боорду трансплантациялоо жаатында тажрыйба, акыркы изилдөөлөр жана алдыңкы тажрыйбалар менен алмашууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи.
"Бейтаптарды тейлөөнү жакшыртууга, келечекте кызматташуу жана маалымат алмашуу үчүн маанилүү болгон кесипкөй байланыштарды түзүүгө, адистердин билим алмашуусуна салым кошот. Боорду трансплантациялоо боюнча талкуулар медицинанын бул маанилүү тармагын өнүктүрүүдө жана бейтаптарды тейлөөнү жакшыртууда негизги ролду ойнойт", - деп айтылат маалыматта.