Бишкекте бүгүн, 14-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Супер-Инфо" гезитинин жылдын суперлерин аныктаган концерти өтүүдө. "Супер концерт-2013тө" жеңүүчүлөргө наамдар боюнча сыйлыктар тапшырылууда.
“Жылдын супер ремейки” наамына Нурлан Насип менен Аваз Акимов - «Атаман», Малика Дина - «Ойлорум сага», Сагыныч - «Кетпейм сага жолукмайынча», Нурлан Насип - «Чабалекей», Чолпонай - «Классташым», Бек Исраилов «Карындашым» аттуу чыгармалары менен ат салышкан.
Ырчылар Нурлан Насип менен Аваз Акимов "Жылдын ремейки" наамында диплом менен сыйланышты.
Ал эми "Жылдын ыры" наамын алып, диплом менен сыйланган ырчы "Сыйлык алганыбызга кубанычтабыз. Буга чейин мындай диплом алганмын. Бардык окурмандарга, угармандарга рахмат айткым келет”,- деди Нурлан Насип.
Аваз Акимов: "Атаман" деген ырыбызды достукту даңазалап ырдап чыкканбыз. Элге аз убакыттын ичинде тарап, көңүлүнөн орун алганына кубанычтабыз",- деди ырчы.