Жалал-Абадда мунай өндүрүүдө бир топ мыйзамдарды бузган Кытай жараны кармалды (видео)

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Жалал-Абаддын Ноокен районунда нефтини иштетүүдө жана өндүрүүдө ченемдерди жана талаптарды көп санда бузгандыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, "С.Д." жана "В.Г." компаниясы өлкөнүн түштүгүндө мунай чийки затын чалгындоо жана андан ары өндүрүү боюнча өз ишин Кыргызстандын аймагында жүзөгө ашырат.

Бирок, чет өлкөлүк компаниянын өкүлдөрү мунай чалгындоо жана иштетүүгө тиешелүү уруксат кагаздары жок туруп, мыйзамдарды бузуу менен ири көлөмдө мунай өндүрүп, сатышкан.

"Ошол эле учурда компаниянын өкүлдөрү мыйзам бузуулар менен өндүрүлгөн мунай затты зыяндуу химиялык заттарды колдонуу менен Майлуу-Суу шаарынын аймагында кол өнөрчүлүк менен иштетип, андан кийин жер кыртышынын түшүмдүү катмарына төгүлгөн. Натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө экологиялык жана экономикалык зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде аталган ишканалардын чыныгы ээси Кытай жараны "Ж.Д.Ф." болуп чыкты. Шектүү ИИМдин тергөө абагына камакка алынды. Учурда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо максатында комплекстүү комиссиялык текшерүү иштери жүргүзүлүп, бир катар зарыл экспертизалар дайындалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Жалал-Абадда чет элдик компаниялар тарабынан мунай өндүрүүдө мыйзам бузуулар аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан