"Газпром балдарга" ден соолукту чыңдоо борборунда өтүп жатат самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунун биринчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мелдештин жүрүшүндө жаштар арасында 53, 71, 98 килограммга чейинки салмакта, кыздар арасында 50, 65, +80 килограммгга чейинки салмакта спортчулар күч сынашууда. Ошондой эле өспүрүмдөр арасында 58, 79, +98 килограмм салмакта кыздар арасында 59, 80 килограмм даражасында беттештер өтүүдө. Ошондой эле күжүрмөн самбо боюнча 71, 98 килограммга чейинки салмакта беттештер өттү.
"Кыргызстандын курама командасы жалпы 5 коло медаль жеңди. Күжүрмөн самбо боюнча 64 килограммга чейинки салмакта Увайс Абдылдаев жана 88 килограммга чейинки салмакта Кансултан Сапаралиев коло медалга ээ болушту.
Спорттук самбо боюнча 71 килограммга чейинки салмакта Байел Жакшылыков, 50 килограмм салмак категориясында Луиза Асакеева жана 59 килограммга чейинки салмакта Аида Асанбекова коло медаль тагынышты", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мелдеш 6-октябрь күнү башталган 8-октябрь күнү жыйынтыкталат.