
Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү
Орозобек Токтомамбетов Ханчжоу шаарында (Кытай) өтүп жаткан Азия оюндарында коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчу 74 килограмм салмак даражасында беттешип, алгач Ирандык балбандан 2:7 эсебинде жеңилген. Кийин атаандашы финалга өтүп, жубатуучу беттешке чыгып, Кытай балбанын жеңип коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Чечүүчү беттеште тажик балбанын 4:2 эсебинде утуп, коло медалдын ээси болду.