"Бул рекорддук көрсөткүч". Азия оюндарында кыргыз спортчулары 4 алтын медаль утушту

Кыргыз спортчулары Азия оюндарында рекорддук көрсөткүчтү көрсөтүштү.

6-октябрда Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында Айпери Медет кызы алтын медаль тагынды.

Бул алтын Ханчжоудагы оюндарда Кыргызстан үчүн төртүнчү алтын болду. Буга чейин дзюдочу Эрлан Шеров менен балбандар Жоламан Шаршенбеков жана Акжол Махмудов подиумдун эң бийик тепкичине чыгышкан.

Азия оюндарында 4 алтын медаль Кыргызстандын курамасы үчүн рекорд.

Учурда Кыргызстандын капчыгында эң жогорку деңгээлдеги 9 сыйлык бар. Биринчисин 2002-жылы Кореяда бийиктикке секирүү боюнча Татьяна Ефименко жеңген. 2010-жылы балбан Данияр Көбөнов дагы бир алтын алган.

2018-жылы Кыргыз курама командасынын алтын фонду эң жогорку деңгээлдеги үч сыйлык менен толукталды – Төрөхан Багынбай уулу (жиу-житсу), Дарья Маслова (жеңил атлетика) жана Айсулуу Тыныбекова (күрөш).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
vvoillbit
2023-10-08 22:09:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан