
Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында тойго барган 24 киши тамакка ууланды. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл район аралык ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери тастыктады.
Маалымдалгандай, аталган борбордун башкы дарыгери Алина Токтоназарованын айтымында, тургундардын бири үйүнө той берип, сырттан ашпозчуларды жалдаган.
Ошол эле 5-октябрь күнү тамакка уулангандар Чолпон-Ата райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө түшө баштаган.
“Тамакка ууланган 24 кишинин тогузу 14 жашка чейинки балдар, калганы — чоңдор. Учурда ооруканада 15 киши жатат. Алардын абалы орто”, — деди башкы дарыгер.