8-октябрь, жекшембиде күндүз бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +18...+23,
Талас облусунда +16...+21,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27,
Ысык-Көл жана Нарын облустарында +17...+22 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +21...+23 жана Ош шаарында +25...+27 градусту көрсөтөт.