Кечээ, 7-октябрда футзал боюнча Кыргызстандын курама командасы Ливандын спортчуларын жеңип алды. Бул тууралуу Футзал ассоциациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Азия кубогунун тандоо оюндарынын 1-турунун алкагында “С” тайпасында Кыргыз курамасыы Ливандын курама командасы менен беттешти. Беттеш "Бишкек Арена" спорттук оюн-зоок борборунда өттү.
Эми Кыргыз курамасы Ирандын (континенттин эң күчтүү командасы) жана Мальдив аралдарынын командалары менен беттешет. Тайпадан алдыңкы эки орунду ээлеген команда апрель айында Таиландда өтүүчү Азия кубогуна барат.
Белгилей кетсек, параллель беттешүүдө Иран Мальдив аралдарын 18:2 эсебинде утуп алган.