“Бишкекбашкыархитектуранын” башчысы Урмат Карыбаев СИЗОго киргизилди

"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Урмат Карыбаев СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Сот Урмат Карыбаевди 16-октябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда камакка алуу чечимин чыгарган.

Урмат Карыбаев 6-октябрда кармалган. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Карыбаев борбор калаанын башкы архитектору кызматын 2022-жылдын июнь айынан бери аркалап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан