Бишкекте бүгүн, 14-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Супер-Инфо" гезитинин жылдын суперлерин аныктаган концерти өтүүдө. "Супер концерт-2013тө" жеңүүчүлөргө наамдар боюнча сыйлыктар тапшырылууда.
“Жылдын супер ремейки” наамына Нурлан Насип менен Аваз Акимов «Атаман» аттуу ыры менен катышса, Малика Дина - «Ойлорум сага», Сагыныч - «Кетпейм сага жолукмайынча», Нурлан Насип - «Чабалекей», Чолпонай - «Классташым», Бек Исраилов «Карындашым» аталышындагы чыгармасы менен ат салышкан.
Жыйынтыгында ырчы Малика Динанын "Ойлорум сага" ыры "Жылдын супер ремейки" наамына татыктуу болду.
“Бул ырды аткарып калганыма абдан кубанычтамын. Биринчи кезекте апама ыраазычылык билдирем. Башында ырга көңүл бурбай ырдагам. 1-2 жолу ырдагандан кийин жакшы көрүп жабышып алдым”, -деди Малика Дина.