"Токтоткула". Камчыбек Ташиев криминалдар менен бизнесмендерге кайрылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев мындан ары Кыргызстанда крим чөйрөсү деген түшүнүк болбой турганын айтты.
Социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуусунда ал кимдир бирөөнү крим чөйрөсүндөмүн деп коркуткандар болсо, УКМКга кайрылууга чакырды.
"Урматтуу кыргызстандыктар! Бизнесмендер, чет өлкөлүк инвесторлор, ресторандардын, базарлардын ээлери, базарларда отурган жарандар, баарыңарга кайрылабыз.
Кимде-ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар.
Криминалдар буга чейин көптөгөн бизнестерден, бизнесмендерден, керек болсо инвесторлордон акча алып жүргөндөрү, бирөөлөрдүн мүлктөрүн тартып алгандары аныкталып жатат. Кимде ким буга чейин жабыркаган болсоңор УКМКга кайрылгыла.
Эми баарыңарга эскертебиз, мындан ары крим чөйрөсүнө бергендерди да, крим чөйрөсүмүн деп барып кимдир бирөөлөрдү коркутуп акча алгандарды да жазалайбыз.
Мындан ары Кыргызстанда крим чөйрөсү, крим кассасы деген болбойт", - деп жазды Ташиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2023-10-09 10:35:00
Туура. Ошол бандиттерге берген каражатынарды мектептерге, жол, көпүрө оңдотуп, суу чыгарып бергиле.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан