Бишкекте Гелендвагенди уурдоо менен коштолгон каракчылык: Качып кеткен шектүү кафеден кармалды

Бишкекте тоноочулукка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын август айында 7-апрель менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Роснефть» май куюучу жайынын жанынан белгисиз адамдар унаанын ээсине күч колдонуп, анын Мерседес-Бенц G400 (Гелендваген) үлгүсүндөгү унаасын тартып алышкан. Кылмыштуу элементтердин бул жол тандабаска кызыгуусу кокусунан болгон эмес. Анткени унаа мурда башка криминалдык төбөлгө таандык болгон. Бирок кийинчерээк башка адамдарга сатылып кеткен.

Бул фактынын кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси («Каракчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар мурда соттолгон төрт адам кармалган. Уурдалган унаа ошол жылдын август айында табылып, ээсине кайтарылган.

Сот айыпталуучуга карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлүп, соттук отурумда кармалгандардын айрымдарына карата баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Бирок алардын бири үй камагынын шарттарын бузуп, соттон качып кеткендиктен ага издөө жарыяланган.

Кечээ, 8-октябрда издөөдө жүргөн 1995-жылы туулган Ж.уулу Н. аттуу жаран Бишкек шаарынын Шопоков көчөсүндөгү кафелердин биринен кармалды. Кармалган жаран мурда бир нече жолу оор кылмыштар үчүн соттолгон, анын ичинде каракчылык, адам өлтүрүүгө аракет кылуу, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо. Ал криминалдык идеологияны карманат жана кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышта.

Учурда соттун чечими менен жаран Ж.уулу Н. Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине эки айга камалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан