Бишкектеги Бакаев көчөсүндө жайгашкан "Ак-Бата" кафесинен өрт чыкты. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт чектөөгө алынганын билдирди.
Мекеме билдиргендей, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 11:33тө чектөөгө алынды. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.