Базар-Коргондо 18 жаштагы Айнуска Саматова дайынсыз жоголду

Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылынын тургуну, 2005-жылы туулган Саматова Айнуска Болотбековна дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, ал 29-сентябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Учурда Айнуска Саматованын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 сантиметр, ак жумал, кашы-көзү кара, чачы кара, кыска, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Үстүндө кара түстөгү толстовка жемпир, жинсы шым, бутунда жашыл түстөгү кроссовки болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Саматова Айнуска Болотбековна тууралуу кандайдыр бир маалыматыңыздар болсо 102, (03736) 5 02 61, 0995 88 02 00 телефондору аркылуу байланышсаңыздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан