Бишкектин Ленин районунун Бакаев көчөсүндө жайгашкан "Ак-Бата" чайканасынан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Билдирүүгө ылайык, өрт саат 12:58де толук өчүрүлгөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам жакын жайгашкан 2 турак үй сакталып калды.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:04төн тарта ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №4, №8 өрт куткаруу бөлүктөрүнөн жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 11:33тө чектөөгө алынган.
Бактыга жараша, жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.