Жалал-Абад шаарында 7-9-октябрь күндөрү тогуз коргоол оюну боюнча эл аралык мелдеш уюштурулуп, бүгүн жыйынтыкталды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Бишкек, Ош шаарларынын жана Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынын аймагынан келген 18 команда катышты. Катышуучулардын арасында Өзбекстандан келген студенттер да бар.
Спорттук иш-чаранын жеңүүчүлөрүнө мэрдин кубогу, акчалай сыйлыктар, диплом жана медалдар тапшырылды.