УКМК дагы бир кылмыштуу топту кармады (фото)

Өткөрүү пунктунан акча чогултуу боюнча туруктуу кылмыш схемасын уюштурган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Андагы маалыматка ылайык, Казакстан менен Кыргызстандын чек арасынын ортосундагы өткөрүү пунктунда мыйзамсыз баюу максатында, Кыргызстандын аймагында иш алып барган жеке ишкерлерден акча талап кылуу жана өндүрүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурушкан трансулуттук кылмыштуу топ аныкталган.

Натыйжада 7-октябрда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз жарандары М.О.Р. жана С.У.Т. (Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жакын туугандары) аттуу жарандар кармалды.

Учурда бул кылмыштуу схемага тиешеси бар айрым жогорку кызматтагы адамдарды жана аткаминерлерди аныктоо боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
olegdenns
2023-10-10 22:28:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан