Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз бак кыйгандыгы үчүн жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, рейд учурунда мыйзамсыз бак-дарактарды кыйып жаткан жеринен Ысык-Көл айылынын 24 жаштагы тургуну М.А. кармалган.
Кармалган жаран Михайловка жана Ысык-Көл айылдарынын ортосундагы көлдүн жээгинде жайгашкан токойдун ичинен 93 түп кара жыгач багын кыйып, унаасына жүктөп, жөнөп жаткан.
Аталган факты Түп РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ошондой эле материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында тийиштүү мамлекеттик органдарга материалдар жөнөтүлдү.
Учурда текшерүү иштери уланууда.