Чүй облустук милициясы Сокулук районунда адам өлтүрүү жана массалык баш аламандык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча шектүүлөрдү кармоо иштери жүрүп жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-сентябрда Сокулук районунун Жаңы-Жер (20-хутор) айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыгып, курал колдонуу менен коштолгон массалык баш аламандык орун алган. Натыйжада 1954-жылы туулган А.А. аттуу жаран октон алган жаракаттан улам каза тапкан, ал эми 1986-жылы туулган Г.М. аттуу жаран октон алган жаракаттан улам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
"Буга чейин тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда 100дөн ашык адам суракка алынып, 27 тинтүү жүргүзүлүп, мыйзамсыз курал-жарактар жана ок-дарылар табылып алынып, Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык 8 жаран аталган кылмыш ишине шектүү катары камакка алынып, баш коргоо чарасы тандалган", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле 7-октябрда ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кылмыш иши боюнча массалык баш аламандыкка шектелген дагы 11 жарандын Сокулук районунда жашаган жерлери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, мыйзамсыз курал-жарактар жана ок-дарылар, кастет, баңги зат, уюлдук телефондор жана башка мыйзамда тыюу салынган заттар табылып алынган.
Тинтүү учурунда табылып алынган заттар кылмыш иши боюнча далил буюм деп табылып, тийиштүү соттук экспертизалар дайындалды.
Аталган кылмыш ишине шектүү катарында 1985-жылы туулган И.А., 2002-жылы туулган А.А., 2000-жылы туулган И.М., 1969-жылы туулган И.М., 1973-жылы туулган И.Ш., 1981-жылы туулган А.М. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.